Сүйүнчү! Бишкекте дагы бир үч эм жарык дүйнөгө келди
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык бөлүмүндө 8-июлда үч эм жарык дүйнөгө келди. Наристелердин салмактары: 2535, 2345 жана 2520 грамм.
Наристелердин энеси Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын тургуну. Бул анын 5-төрөтү болгон.
Дарыгерлердин айтымына караганда, операция ийгиликтүү өттү.
Энесинде орточо деңгээлдеги анемия болгонуна карабастан, төрөт коопсуз аяктаган. Учурда эненин да, кыздардын абалы жакшы.
