Таласта 5,6 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Таласта стратегиялык маанидеги жер тилкеси мамлекетке кайтарылды, деп билдирет Башкы прокуратуранын басма соз кызматы.
Маалыматка ылайык, Талас областынын Манас районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, Кыргызстан айылынын четинде, Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын чектешкен аймагында жайгашкан, «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын аймактан стратегиялык мааниге ээ болгон Тараз–Талас–Суусамыр автожолунун боюндагы 1643 чарчы метр жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 5,6 млн сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.
