БШКнын курамын кыскартуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого ээ болду
Бүгүн, 10-марттагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Талант Мамытов, Акылбек Түмөнбаев, Дастанбек Жумабеков, Нурбек Сыдыгалиев, Талайбек Масабиров.
Мыйзам долбоорун тааныштырган демилгечилердин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев белгилегендей, мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Мыйзам долбооруна ылайык, БШКнын сандык курамын он эки мүчөдөн жети мүчөгө чейин кыскартууну караган өзгөртүү киргизүү сунушталат. Ошондой эле депутат Нурбек Сыдыгалиев мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо БШКнын курамын сегиз мүчөдөн түзүүнү караган өзгөртүү сунушталарын билдирди.
Талкуу учурунда депутат Гульнара Акимбаева БШКнын курамы негизги маселелер боюнча добуш берүүдө «добуштар тең болуп калуу» жагдайын болтурбоого тийиш экенин белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү өкүлчүлүктүн тең салмактуулугун камсыздоо, комиссиянын ишинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу керектигине токтолду. Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорунда БШКнын мүчөлөрүнө коюлуучу так талаптарды белгилөө зарылдыгын көтөрсө, депутат Кубанычбек Самаков БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровго сунушталып жаткан курам менен комиссия өлкөдө шайлоолорду натыйжалуу өткөрө алабы деген суроо узатты. Тынчтык Шайназаров мыйзам долбоорунда сунушталган комиссиянын түзүмү шайлоо процессинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыздоого мүмкүндүк берерин билдирди.
