Нарында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 5-июнда саат 16:18дө катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жаткен.
Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылдарында 4 балл, Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 3,5 баллга (Кара-Булак айылынан 12 чакырым түштүк-чыгышка, Ак-Бейит айылынан 17 чакырым түндүк-чыгышта, Казыбек айылынан 28 чакырым түштүк-батышта, Кызыл-Туу айылынан 29 чакырым түштүк-батышта, Кара-Булуң айылынан 33 чакырым түштүк-батышта, Нарын шаарынан 79 чакырым түштүк-батышта) чейин сезилген.
Жер титирөөдөн алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
