Кыргыз-өзбек чек арасында "Маамай" өткөрмө пункту курулууда
Кыргыз-өзбек чек арасында "Маамай" өткөрмө пункту курулууда. Курулуш иштеринин жүрүшүнөн 18-августта президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев таанышты.
Учурда бул посттун ачылышы жана Кербен – Мамай автожолунун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Бул демилге Аксы району үчүн гана эмес, кыргыз-өзбек чек ара аймагындагы соода-экономикалык жана туристтик байланыштарды жаңы деңгээлге чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт", - деди Төрөбаев.
Өткөрмө пункт ишке кирсе, жергиликтүү эл үчүн коңшу өлкөгө өндүргөн товарларын экспорттоого, туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот.
Өзгөчө Падыша-Ата, Сары-Челек, Кара-Камыш сыяктуу кооз аймактарга туристтердин келүүсү көбөйөт. Жергиликтүү элдин экономикалык активдүүлүгү жогорулайт.
