Сак болуңуз! Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүүсү күтүлөт
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
19 август

Сак болуңуз! Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүүсү күтүлөт

Кыргызгидромет кызматы Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти. 

Синопитиктердин билдирүүсүнө караганда, 20-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу облустун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды сак болууга чакырды.