Аламүдүн районунда мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
10 март

Аламүдүн районунда мыйзамсыз сатылган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй областынын Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен көрүлгөн прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 9 млрд 161 млн 526 миң 400 сомду түзгөн 10,72 га жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү.