
Жээнбек Кулубаев ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолукту
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу күн мурун, 11-сентябрда Бишкекте өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, ошондой эле Уюмдун быйылкы жылга коюлган милдеттерди иш жүзүндө ишке ашырууга багытталган ишмердүүлүгү талкууланды.
Андан сырткары, үстүбүздөгү жылдын ноябрында Казакстан Республикасында өтө турган уставдык органдардын жыйындарына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат угулду.
Уюмда төрагалык Кыргыз Республикасына өтүшүн эске алуу менен келерки жылдагы ЖККУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.
Тараптар ЖККУнун алкагында кызматташуунун негизги багыттары боюнча саясий өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн ырасташты.