Папан ГЭСинин курулуш иштери улантылууда
10 март

Папан ГЭСинин курулуш иштери улантылууда

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги өлкөнүн энергетикалык потенциалын чыңдоо жана энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана чакан гидроэлектр станцияларын курууга өзгөчө көңүл буруп келет. Бул багытта «Чакан ГЭС» ААК Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашыруу иштерин улантууда.

Учурда болочок станциянын имаратына алып баруучу жалпы узундугу 9,2 км болгон убактылуу кирме жолдордун курулушу жүргүзүлүп жатат, куруучулар үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат.

Мындан тышкары, 110 кВ аба электр берүү линиясынын курулушу үчүн долбоорду иштеп чыгуу жана жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле деривациялык тоннелдин курулушу үчүн зарыл болгон уруксат берүүчү документтер, анын ичинде архитектуралык-шаар куруу кортундусу (АГЗ) жана жардыруу иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү документтер даярдалууда.

Андан сырткары, Жашыл энергетика фондунун сынагына катышуу үчүн алдын ала айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо (ОВОС) иштелип чыгып, анын жыйынтыгында ГЭСтин курулушу үчүн жер тилкесин ижарага алуу боюнча келишим түзүлдү.

Долбоорду ишке ашыруу өлкөнүн генерациялык кубаттуулугун жогорулатууга жана түштүк аймактарындагы электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга мүмкүндүк берет.