Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жол сызыктары жаңыланууда 
5 июнь

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жол сызыктары жаңыланууда 

Эл аралык маанидеги Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жол сызыктарын жаңылоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Азыркы тапта иш дээрлик 80%га аяктады.

Белгилей кетсек, бул жумуштар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт.