Өзгөчө кырдаалдар министри Ош облусундагы өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн иши менен таанышты
Өзгөчө кырдаалдар министри Канат Чыныбаев 1-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорундагы өрт-куткаруу бөлүктөрүнө барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Министр өздүк курам менен жолугуп, кызмат өтөө шарттарын, техникаларды жана куткаруу шаймандарын карап чыкты.
Ошондой эле куткаруучулардын иш шарттарын жакшыртуу жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча иштер улантыларын белгиледи.
Кара-Суу районундагы жаңы курулуп жаткан бөлүмдүн имаратына да барып, курулуш иштерин көзөмөлгө алып, аны сапаттуу жана өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, быйыл Ош облусунда эки райондо өрт-куткаруу бөлүктөрү жаңыланууда. Араван районундагы курулуш 95% бүткөрүлсө, Кара-Сууда иштер уланууда. Эки бөлүк тең 1-июлга чейин пайдаланууга берилери пландалууда.
