Кадамжайда жашаган үйүнө жашыруун баңги өсүмдүгүн өстүргөн жаран кармалды
Баткен ОИИБдин Банги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын ала маалыматына ылайык, Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын 34 жаштагы жараны өзүнүн үйүнүн короосунда баңги өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүрүп жүргөн. Бул багытта ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кароо жүргүзүү учурунда 34 жаштагы К.Гнын короосунан өзгөчө жыты бар, бою 2 метрге жеткен баңги өсүмдүгүнө окшош өсүмдүк жана ошондой эле өсүмдүктүн кургатылган түрү табылып, алынган.
Ушул боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүп, соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, өсүп турган өсүмдүк 1 кг 900 грамм, ал эми кургатылганы 506 грамм салмактагы конопля өсүмдүгү экени аныкталган.
Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 288-беренесинин (Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизанын корутундусуна ылайык өсүмдүк бангизаттын конопля (канабис) түрү экендиги аныкталды.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
