КР БШКнын курамы 12ден 8 мүчөгө чейин кыскартылды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Бул конституциялык Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу, тактап айтканда Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды ыкчам жана сапаттуу өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамын оптималдаштыруу жана аны түзүү тартибин өркүндөтүү болуп саналат.
Конституциялык Мыйзам менен “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамы он экиден сегиз мүчөсүнө кыскартылган жана жыйналыштарды өткөрүүдө жана чечимдерди кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишин уюштуруу тартиби жөнгө салынды.
