Оштогу жаңы “Келечек” базарын куруу иштери кызуу жүрүүдө
17 сентябрь

Оштогу жаңы “Келечек” базарын куруу иштери кызуу жүрүүдө

Ош шаарында 5 гектар жерге салынып жаткан базардын курулуш иштери улантылып жатат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Мэр Жеңишбек Токторбаев тарабынан кыска убакытта соодагерлерди жайгаштыруу тапшырмасы коюлган.

Бул базар даяр болгон соң Келечек, Бостон жана мөмө-жемиштер базарындагы соодагерлер көчүп келишет. Жалпы 1300дөн ашык орун түзүлөт.

Ошондой эле алтын зер буюмдар сатуучу, акча алмаштыруучу жайлар каралган. Эки ажаткана, эки ашкана, унаа токтотуучу жайы менен болот.