Өзгөчө ири өлчөмдөгү батирге байланыштуу алдамчылыкка шектүү жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды
Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына М.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда К.Ж. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү алдоо жолу менен анын ишениме кирип анын менчигиндеги батирди убактылуу өз атына өткөрүп , андан соң аталган батирди мыйзамсыз ээлеп алып, кийин үчүнчү тарапка сатып жиберген.
Натыйжада жабырлануучуга 4 810 892 сом өлчөмүндө өзгөчө ири материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1984-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш ишинин алкагында окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле ишке тиешеси бар бардык адамдардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.
