Бишкек шаарында жашы жете элек балага иттер кол салган окуянын жагдайлары аныкталууда
2 апрель

Бишкек шаарында жашы жете элек балага иттер кол салган окуянын жагдайлары аныкталууда

2026-жылдын 1-апрелинде болжол менен саат 17:37де нөөмөт бөлүмүнө «Калыс-Ордо-2» жаңы конушунун квартал башчысы Талант атту жаран 5 жаштагы балага иттер кол салганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери дароо жөнөтүлүп, барган учурда маалымат тастыкталган.

Жергиликтүү тургундарды сурамжылоонун жүрүшүндө жабырлануучу 2019-жылы туулган У.А. аттуу жашы жете элек бала экени жана «Калыс-Ордо-2» жаңы конушунда жашаары аныкталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан күбөлөрдөн жана бул факт боюнча маалыматка ээ болгон жарандардан түшүнүк каттар алынган. Ошондой эле үйдүн ээси аныкталып, иттерге карата атуу иш-чарасы жүргүзүлгөн.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБнын МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.