Жогорку Кеңештин комитети «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды
18 май

Жогорку Кеңештин комитети «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды

Бүгүн, 18-майда Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы угулуп, эске алынды.

Аталган маселе боюнча Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Мавлюда Калбердиева мамлекеттик «Эл Аман» дарыканаларын толук кандуу камсыздоо, дары каражаттарынын ассортиментин кеңейтүү керектигин белгилесе, эл өкүлү Алтынбек Кылычбаев «Кыргызфармация» ишканасынын дары-дармек өндүрүүчүлөр менен алардын продукциясын ортомчуларсыз түз сатып алуу боюнча келишимдерди түзүү ишмердүүлүгүнө кызыкты. Ишкананын директору Акылбек Туратбек уулу бул багыттагы иштер «Кыргызфармацияны» түзүүнүн негизги максаттарынын бири экенин айтып:

«Буга тоскоолдук кылган жагдайлардын бири завод-өндүрүүчүлөрдүн бардык талаптарга жооп берген өз кампабыздын болушу тууралуу талабы. Учурда «Кыргызфармациянын» өз кампасы жок. Ушуга байланыштуу биз өз кампабызды курууну пландап жатабыз. Буга ылайыктуу жер да табылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө», – деп маалымдады Акылбек Туратбек уулу.

Ошону менен бирге депутат Жылдыз Эгенбердиева өлкөдөгү ооруканалардын нейрохирургия бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, аларды стенттер жана башка зарыл каражаттар менен камсыздоо маселесин ортого салды. Депутат Улан Жаанбаев оорулардын жашарып бара жатышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, Министрлер Кабинетин фармацевтикалык тармакты жөнгө салуу маселелерине көңүл бурууга, алдын алуу чараларын күчөтүүгө жана сергек жашоо образын кеңири жайылтууга чакырды.

Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы угулуп, эске алынды. Комитет мүчөлөрү тарабынан борбордун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, онкологиялык ооруларды эрте аныктоо жана натыйжалуу дарылоо үчүн зарыл болгон медициналык жабдууларды сатып алуу, дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.