Балык өнөр жайын өнүктүрүү жана ооруларды көзөмөлдөө боюнча жаңы план талкууланды
Бүгүн Бишкекте аквакультура секторунда суу жаныбарларынын ооруларын көзөмөлдөө боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуунун акыркы этабына арналган консультациялык семинар болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты
Иштелип жаткан план - Кыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам.
Ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
Суу жаныбарларынын ооруларынын экономикалык жана социалдык кесепеттерин баалоо үчүн системалуу ыкманы киргизүү.Жергиликтүү шарттардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу жана сектордун негизги муктаждыктарын аныктоо.
Ооруларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү системасын улуттук милдеттерге да, эл аралык стандарттарга да ылайык куруу.
Бул балыктардын ден соолугун сактоо, тармактын туруктуу өнүгүшүн жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чара.
Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы жана Балык өнөр жайы комплекси департаменти менен биргеликте уюштурулду.
