Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды
5 июнь

Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды

2025-жылдын 11-март күнү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына Ш.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында, Ш.н.дин ишеничине кирип, анын батирлерин 3 жакка сатып, акчасын кайтарбастан дайынсыз жоголуп, байланышка чакпай койгон С.М. аттуу шектүүгө карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 7 миллиондон ашык сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 1990-жылы туулган С.М. аттуу шектүү кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Белгилей кетсек, ыкчам маалыматтар боюнча шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Тергөө иштери улантылууда.