Биринчи жолу Ташкент – Ош түз авиакаттамы ачылды
“Кыргызстан аэропорттору” ААКсы Ташкент менен Оштун ортосунда “Centrum Air” авиакомпаниясынын жаңы пландаштырылган түз аба каттамы 1-апрель күнү ишке кирип, 95 жүргүнчү менен келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлаштыю\.
Алгачкы рейсти Ош эл аралык аэропортунан мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова, Өзбекстан Республикасынын Оштогу башкы консулу Зафарбек Ахмедов жана башка өкүлдөр салтанаттуу тосуп алышты.
Ташкент – Ош багыты боюнча буга чейин түз авиакаттам болгон эмес. Мындан ары жаңы рейс ар жуманын шаршемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлүп, эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды чыңдап, жүргүнчүлөр үчүн жол жүрүүнү жеңилдетет.
Белгилей кетсек, учуулардын графиги Ташкенттеги ыңгайлуу байланыштар менен иштелип чыккан, бул Оштон келген жүргүнчүлөргө авиакомпаниянын маршруттук тармагында андан ары саякаттоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.
