Ош шаарында заманбап Перинаталдык борбордун курулушу уланууда
Бүгүн, 2026-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагында курулуп жаткан Перинаталдык борбордун курулуш аянтчасына барды.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан энелер менен балдардын саламаттыгын коргоо багытында ишке ашырылып, Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 миллион евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен каржыланууда.
Иш сапардын жүрүшүндө Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW), консалтингдик компаниянын жана башкы подрядчы China Road компаниясынын өкүлдөрү министрдин биринчи орун басарына курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат беришти.
Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин даярдык деңгээли 10 пайызды түзөт. Курулуш-монтаж иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтчасында күн сайын 30дан 70ке чейин адис эмгектенүүдө.
Тилек Мамадалиев курулуш иштеринин графигинин так сакталышын камсыздоону жана долбоорду белгиленген мөөнөттө бүткөрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.
«Перинаталдык борбордун курулушу өлкөнүн саламаттык сактоо системасы үчүн стратегиялык мааниге ээ. Биздин негизги милдет – долбоорду сапаттуу жана өз мөөнөтүндө ишке ашырып, түштүк аймагынын тургундары үчүн эл аралык талаптарга жооп берген заманбап медициналык мекемени пайдаланууга берүү», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Мамадалиев.
Курулуш иштерин 2028-жылдын IV чейрегинде аяктоо пландалууда. Объект пайдаланууга берилгенден кийин 249 орунга ылайыкталган жаңы Перинаталдык борбор кош бойлуу аялдарга, төрөттөн өтүп жаткан энелерге жана ымыркайларга көрсөтүлүүчү адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын кыйла жогорулатат. Ошондой эле медициналык мекеме гранттык каражаттардын эсебинен заманбап медициналык жабдуулар менен толук камсыздалат.
