Сел жүрөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты
Өгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 7-8-июнь күндөр абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ бул күнү тоолуу аймактарда, жаратылышта эс алуудан баш тартып, дарыя жээктеринен алыс болууну сунуштайт.
