Аксы районунун жаңы дайындалган акими тааныштырылды
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов 22-июнда Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалган Азамат Намазалиевди район активине тааныштырды.
Уларбек Исмаилов жаңы жетекчинин алдына коюлган негизги милдеттерге токтолуп, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо, мамлекеттик программаларды натыйжалуу ишке ашыруу, инвестицияларды тартуу, калк менен тыгыз иш алып баруу жана жарандардын көйгөйлөрүн өз убагында чечүү багытындагы иштерге ийгиликтерди каалады.
Азамат Намазалиев 1977-жылы туулган. Жогорку билимдүү.
Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Кыргыз-Европалык факультетин “Коммерция” адистиги боюнча, ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1999-жылы Ысык-Ата району боюнча мамлекеттик салык инспекциясында инспектор болуп баштап, салык тармагында 25 жылдан ашуун эмгектенген. Ысык-Ата, Кемин, Сокулук, Панфилов, Токмок жана Ноокат райондору боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыктарын жетектеген. Ошондой эле Бишкек шаары жана Түндүк аймагы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги, Токмок шаарынын мэринин биринчи орун басары кызматтарын аркалаган.
