Кыргызстанда жыл башынан бери 86 миңден ашык эмгек мигранттарынын балдары аныкталып, көзөмөлгө алынган
28 октябрь

Кыргызстанда жыл башынан бери 86 миңден ашык эмгек мигранттарынын балдары аныкталып, көзөмөлгө алынган

Кыргызстанда ушул жылдын 9 айында КР соцкамсыздоо министрлиги тарабынан туугандарынын камкордугуна калтырылган эмгек мигранттарынын 86 миңден ашык баласы аныкталып, көзөмөлгө алынган, анын ичинде 72 миңдей баланын (83,7%) ата-энеси өлкөдөн чыгып кеткен.

Ведомстводон билдиришкендей, өткөн мезгилде жалпысынан 296 миңден ашуун үй-бүлөлүк текшерүүлөр уюштурулуп, алар эмгек мигранттарынын балдарын, балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук учурларын алдын алуу жана аныктоо максатында жүргүзүлүүдө.