Улан Керимкулов: Кыргызстан акыркы 2-3 жылда мигранттарды жөнөтүүчү эмес, кабыл алуучу өлкөгө айланды
5 июнь

Улан Керимкулов: Кыргызстан акыркы 2-3 жылда мигранттарды жөнөтүүчү эмес, кабыл алуучу өлкөгө айланды

Кыргызстанда легалсыз жүргөн жана иштеген чет өлкөлүк жарандар 10-июнга чейин өзүнүн укуктук абалын жөнгө салышы керек. ИИМдин экстремизм менен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Улан Керимкулов «Биринчи радиого» билдиргендей, 10-июнга чейин коюлган талаптарды аткарбагандар үчүн андай кийинки көрүлчү чара бекитилген.

«Президенттин жарлыгынын негизинде ИИМдин бардык аймактык башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө убактылуу жобо иштелип чыкты. Биз чет элдик жарандарга алардын кылмыш ишине катышпаганы жана издөөдө жүрбөгөнүн тастыктаган справка беребиз. Электрондук порталга легалдашуу үчүн арыз калтырган чет өлкөлүккө биз берчү справка абдан маанилүү, бул бирден бир милдеттүү документ», – дейт ал.

Айтымында, акыркы 2-3 жылда Кыргызстан мигранттарды жөнөтүүчү өлкөдөн мигранттарды кабыл алуучу өлкөгө айланууда. Анткени, сырттан келген эмгек мигранттарынын саны көбөйдү. Алар негизинен Бангладеш, Шри-Ланка, Пакистандан келгендер.

«Алар ар кайсы чөйрөдөгү квалификацияны талап кылбаган жумуш орундарын ээлеп иштеп жатышат. Бангладеш бир гана Кыргызстан эмес, башка өнүккөн өлкөлөр үчүн да арзан жумушчу күчү катары кабыл алынат. Мурда Кыргызстан эмгек мигранттарын аткарууга жиберчү болсо, азыр аларды кабыл алуучу мамлекет болуп калды. Мунун коркунучу жок, ИИМ мыйзамдарыбызды күчөтүп, мыйзамсыз миграцияга каршы туруштук берүүчү иш чараларыбызды жүргүзүп жатабыз», – деди Керимкулов.

Ал белгилегендей, 10-июнга чейин өлкө аймагында жүрүүсүн легалдаштырбаган мигранттар, андан кийин укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү ишине кабылышат жана өлкө аймагынан депортация болушат.