УКМК: Мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузууларга байланыштуу айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды
2 апрель

УКМК: Мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузууларга байланыштуу айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды

Мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу жана аныктоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл аймагында(жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кылмыш белгилерин көрсөткөн фактылар аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматынын эксперттик корутундусуна ылайык, 2025-жылы Ормон-Хан айыл аймагында мурдагы башчы А.Б.К.нын жетекчилиги алдында мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдарынын талаптары бузулуп, натыйжада мамлекеттик бюджетке 5 699 000 (беш миллион алты жүз токсон тогуз миң) сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Мындан улам, 2026-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ормон-Хан айыл аймагынын мурдагы башчысы А.Б.К. кармалып, Нарын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.