Блогер Айбек Уланов кайрадан кармалды, анын баңгизат колдонгону аныкталды
Бишкек шаардык милициясы маалымдагандай, блогер Айбек Уланов Кара-Кулжа районунда каза болгон аял тууралуу айткан сөздөрү үчүн 31-майда милицияга жеткирилген. Ал алгач өзүнүн айткандарын мойнуна алып, коомчулуктан жана маркумдун туугандарынан кечирим сураган.
Бирок кийин Уланов кайрадан социалдык тармакта түз эфирге чыгып, коомчулукта нааразычылык жараткан билдирүүлөрдү уланткан.
Экспертизалардын жыйынтыгынан кийин ага карата “кастыкты козутуу” боюнча кылмыш иши козголду.
Айбек Уланов Чүй облусунун Чокморов айылында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Медициналык экспертиза анын баңгизаттан мас абалда болгонун аныктаган.
Милиция жарандарды коомдук резонанс жараткан, адамдардын намысын тебелеген билдирүүлөр үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертти.
