Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген 69 млн сомдук соцобъекттер кайтарылды
5 июнь

Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген 69 млн сомдук соцобъекттер кайтарылды

Ноокат районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 69 млн сомдук социалдык объекттер кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан Гулистан жана Т.Зулпуев айыл аймактарында, ошондой эле Ноокат шаарынын аймагында жүргүзүлгөн текшерүүдө, бир катар социалдык маанидеги объекттер мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталган.

Атап айтканда: Гулистан айыл аймагындагы мектепке тиешелүү 1000 чарчы метр жер тилкеси жана маданият үйү 600 чарчы метр жери менен бирге, Т.Зулпуев айыл аймагындагы бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү 3300 чарчы метр жер тилкеси, Ноокат шаарындагы маданият үйүнүн 517 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген.

Прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде жалпы аянты 5 471 чарчы метрди түзгөн жана жалпы баасы 69,6 млн сомго бааланган жогорудагы социалдык объектилер жана жер тилкелер муниципалдык жана мамлекеттик менчикке кайтарылды.