Кыргызстанга кымбат баалуу уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан
КР УКМК
18 май

Кыргызстанга кымбат баалуу уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан

КР УКМК  Мамлекеттик Чек ара кызматы менен биргеликте "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу КРнын аймагына кымбат баалуу уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү каналын токтотту.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгүндө («Экономикалык контрабанда») жана 242-беренесинин 1-бөлүгүндө («Салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды жана жагдайларды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.