Балыкчы шаарында ЖККУнун “Рубеж-2025” машыгуулары салтанаттуу түрдө ачылды
Бүгүн, 17-сентябрь, Балыкчы шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Борбор Азия аймагынын ыкчам жайгаштыруучу жамааттык күчтөрүнүн “Рубеж-2025” командалык-штабдык машыгууларынын салтанаттуу ачылышы болду.
Иш-чарага ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев жана башка расмий өкүлдөр катышты.
Машыгууга Орусия, Казакстан жана Тажикстандан келген аскер кызматкерлери катышууда.
Салтанаттуу ачылыш салтанаты машыгууга катышкан бардык аскер бөлүктөрүнүн салтанаттуу жүрүшү менен аяктады. Ошондой эле, Мекенди коргоодо курман болгон жоокерлердин эстелигине гүл коюлду.
