ӨКМ башчысынын төрт жаңы орун басары дайындалды
26 февраль

ӨКМ башчысынын төрт жаңы орун басары дайындалды

Өзгөчө кырдаалдар министринин төрт жаңы орун басары дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. 

Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Дайындалгандар: 

  • Акылбек Мазарипов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары болду,
  • Искендер Сулайманов, Канатбек Чыныбаев жана Азамат Мамбетов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары.