иллюстрациялык сүрөт
25 август
Сел жүргөн Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу эки тараптуу ачылды
Сел жүргөн Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, 24-августта кечинде саат 22:00-23:00дор чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 32-38-чакырымдар аралыгында (Кара-Талаа менен Шор-Булак айылдарынын ортосу) нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.
Жерине дароо тиешелүү техникалар тартылып, 25-августка караган түнү саат 01:00до каттам берилген.
Азыркы тапта жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок.
