Кыргызстан менен Өзбекстан агрардык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну көздөөдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Өзбекстан Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Кахрамон Анварджанович Юлдашев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын агроөнөр жай комплексиндеги кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулап, эки өлкөнүн тармактык ведомстволорунун ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Тараптар күрүч өстүрүү, үрөнчүлүк, картошка өстүрүү жана мал чарбачылыгы багыттарындагы кызматташуунун келечектүү багыттарын карашты.
Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун биргелешип сыноо, селекциялык жетишкендиктер жана үрөн материалдары менен алмашуу, айыл чарба продукцияларын өз ара жеткирүү, заманбап технологияларды киргизүү, асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана эки өлкөнүн илимий мекемелеринин кызматташтыгын чыңдоо маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын практикалык деңгээлде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешип, агрардык тармактагы биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу, тажрыйба алмашууну кеңейтүү, өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана эки өлкөнүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча макулдашышты.
