Ош электр тармактар ишканасына атайын техника тапшырылды
Ош электр тармактар ишканасына 13-ноябрда атайын техника - манипулятор унаасы тапшырылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Унаанын ачкычын мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырган.
Техника мэриянын эсебинен алынып, аталган ишкананын күнүмдүк техникалык иштерин жеңилдетүү жана электр тармактарындагы тейлөө иштерин ыкчам жүргүзүүгө көмөктөшөт.
