Кыргызстанда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталы 1 млрд сомдон ашты
11 июнь

Кыргызстанда Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталы 1 млрд сомдон ашты

Кыргызстандын Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталы 1 млрд сомдон ашат. Бул кардарлардын алдындагы милдеттенмелердин аткарылышына кепилдик берет. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу кызматынын төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, капиталдын көбөйтүлүшү калктын камсыздандыруу тутумуна болгон ишенимин бекемдөө боюнча көрүлгөн чаралардын бири болду.

«Табигый кырсыктардын масштабы кандай болбосун, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму камсыздандырылуучулар алдындагы өз милдеттенмелерин аткара алат», – деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле Осмоналиев зарыл болгон учурда компания кайра камсыздандыруу механизмдерин колдоно аларын кошумчалады.