Бишкектин айрым аймактарында 18-сентябрда таза суу жок болот
17 сентябрь

Бишкектин айрым аймактарында 18-сентябрда таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 18-сентябрда саат 10:00дөн 16:00гө чейин таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өчүрүү аймагы:

  • Ч. Айтматов проспектиси № 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6;
  • Токтонолиев көчөсү 139/3, 157, 153, 153/3, 155;
  • Т.Океев  көчөсү 39/3, 39/4, 39/6, 39/7, 39/8;

“Аэропорт” суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.

"Бишкексууканал" МИси  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.