Кыргызстандын Ардактуу консулдугу Валлонияда расмий ачылды
Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги
18 май

Кыргызстандын Ардактуу консулдугу Валлонияда расмий ачылды

Лан шаарында 15-майда Кыргыз Республикасынын Валлониядагы Ардактуу консулдугунун расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинен кабарлашты.

Бул Бельгия Падышалыгындагы Кыргызстандын экинчи Ардактуу консулдугу. Биринчиси Фландрияда (Руселар шаары) иштейт.

Валлонияда Ардактуу консулдуктун ачылышы Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоодо дагы бир этап болду.

Анын ичинде Ардактуу консул К. Годиссарга Кыргызстандын расмий атрибутикасы офисин жасалгалоо үчүн тапшырылды.

Иш-чарага Бельгиянын тышкы саясий ведомствосунун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, Валлониянын ишкер жана коомдук чөйрөлөрү, региондун консулдук корпусунун мүчөлөрү, ошондой эле кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.