Жакында Талас шаарында электробустар жүрө баштайт
КР Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата жакында Талас шаарына 30 жаңы электробус сатып алынат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы башчысы Эрмат Жумаев билдирди.
Электробустарды лизингге сатып алууга президент тарабынан 180 млн сом бөлүнгөн.
Анын айтымында, Талас шаарынын ичиндеги жана аймактардагы тургундарды сапаттуу коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында “Yutong” компаниясынын электробустары алынат.
"“Yutong” компаниясынын электробустары толук кубатталгандан кийин 200 чакырымга чейин тынымсыз жүрө алат. Компаниянын электробусун командабыз менен тест-драйвдан өткөрүп, жүрүү мүмкүнчүлүгүн, сапатын жана техникалык өзгөчөлүктөрүн жакындан көрүп чыктык. Электробустардын ыңгайлуулугу, кубаттуулугу жана заманбап шарттары бизге абдан жакты. Жакынкы күндөрү тиешелүү келишим түзүлүп, эки айдын ичинде 30 электробус Талас облусуна жеткирилет. Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата жаңы электробустар президент тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылат”, – деди Жумаев.
