Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ кызматкерлери автоунааны мыйзамсыз айдап кетүүгө шектүүнү кармашты
3 июль

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ кызматкерлери автоунааны мыйзамсыз айдап кетүүгө шектүүнү кармашты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнин Тергөө кызматына «Э.Б.Т.» ЖЧКсынын мыйзамдуу өкүлү М.М. жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Себеби, белгисиз адам болжол менен саат 01:40 чамасында Бишкек шаарынын Карасаев көчөсүндө жайгашкан даректен кара түстөгү Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунааны мыйзамсыз айдап, белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Натыйжада 80 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 211 (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылы туулган А.Э., аттуу жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.