Эрулан Көкүлов спикерге: Сөрөй-пөрөй, тантып деген сөздөрдү айтуу спикердин деңгээлине туура келбейт
Депутат Эрулан Көкүлов парламент жыйынында спикер Нурланбек Тургунбек уулун спикерге ылайык келбеген билдирүү жасоого айыптады.
Ага чейин спикер парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү тууралуу айтып жатып, “өз кызыкчылыгын гана ойлогон саясатчы сөрөйлөр негизсиз сөздөрдү айтышууда” деген.
“Акыркы учурда абдан көп терс сөздөрдү айтып баштадыңыз, сөрөй-пөрөй деп. Менин дарегиме дагы тантып сүйлөп дегендей айткансыз. Сиз спикерсиз, Кыргызстанда президенттен кийинки эле экинчи адамсыз, андай сөздөрдү айтуу сизге жарашпайт”, – деди.
Андан ары Эрулан Көкүлов спикер аз ай гана мурда спикердин “парламент өз мөөнөтүн толук иштейт” деген билдирүүсүн эске салды.
“Бир канча ай мурда эле Эдил Байсалов “парламент мөөнөтүнөн мурда тарабайт” деп маек берген. Ага удаа сиз да парламент өз мөөнөтүн толук иштей турганын айткансыз. Эми башкача айтып жатасыз. Ошондо, кандай түшүнсө болот?” – деди.
Спикер жооп катары “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңээрин” белгиледи.
“Ал убакта, мен айткан учурда мыйзам кабыл алынган эмес, президенттик шайлоонун датасы кабыл алынган эмес. Бул жашоодо бир гана ыйык Куран өзгөрбөйт, калган баарын өзгөртсө болот. Кылдан кыйкым издештин кереги жок. Парламентти таркатуу сырттан берилген көрсөтсө, аткаруу бийлиги тарабынан таңуулоо деген да сөздөр болуп жатат, жооп берип коеюн: бул негизсиз, парламент ички ишин өзү чечет”, – деди спикер.
