Нарын: Курулуш ченемдерин бузган компанияга чара көрүлдү
4 июль

Нарын: Курулуш ченемдерин бузган компанияга чара көрүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Нарын районунун Учкун айылындагы таза суу системасынын курулушунда белгиленген техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптары толук сакталбагандыгы аныкталды.       

Натыйжада, “Профит Экспресс” ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин негизинде 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Андан тышкары аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдетүү көрсөтмөлөр берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти бардык компанияларды курулуш мыйзам, ченемдеринин жана техникалык талаптарынын сакталышын так сактоого чакырат.