Бишкекте чет өлкөлүк номер менен жүргөн унаалар текшерилүүдө
Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы тарабынан чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо номер белгилери менен жүргөн автоунааларды текшерүүгө багытталган рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө транспорт каражаттарынын документтери, мыйзамдуулугу жана жол кыймылынын коопсуздугу боюнча талаптардын сакталышы текшерилүүдө.
