Спикер “бузуку саясатчы сөрөйлөргө” кайрылды: Жеңилип калган адамдардын жеңген адамдарга айткан сыны негизсиз
17 сентябрь

Спикер “бузуку саясатчы сөрөйлөргө” кайрылды: Жеңилип калган адамдардын жеңген адамдарга айткан сыны негизсиз

ЖК спикери Нурланбек Тургунбек уулу “өз кызыкчылыгын гана көздөгөн бузуку саясатчы сөрөйлөргө” парламент трибунасынан кайрылуу жасады. 
Ал парламенттик шайлоо эмне себептен мөөнөтүнөн мурда болоорун түшүндүрдү: 

“Азыр парламент өзүн өзү таратуу процедурасы жүрүп жатат. Аны ар кандай мааниде айтышууда. Мен спикер катары тактап коеюн: Баш мыйзамга ылайык аракеттеги парламентти таркатууга эч бир сырткы күчтүн, президенттин, аткаруу бийлигинин укугу жок. Парламент өзүн өзү гана тарката алат. Парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлүп, алар кайрылууларын мага беришти. Келтирген жүйөлөрү негиздүү. 32 депутат кол койгон. Негиздери – 2027-жылдын январь айынын акыркы жекшембисине президенттик шайлоону бекиткенбиз. 2026-жылдын ноябрь айында парламенттик шайлоо болушу керек. Эки маанилүү, негизги шайлоону кыска убакытта катар өткөрүү экономикалык жактан да, саясий жактан да кыйын болоору талашсыз”, – деди спикер. 

Айтымында, БШК дагы эки шайлоону улаа өткөрүү техникалык жана физикалык жактан кыйын болоорун билдирген. Ошондуктан же парламенттик же президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү аргасыздыгы жаралган. 

Ошондой эле спикер “бузуку саясатчы сөрөйлөргө” кайрылды:

“Арабанын алдына түшүп чуркоонун кереги жок. Бузуку ой менен, жеке кызыкчылык менен кычаштырган сөздөрдү айтуу, жазуу акылга сыйбайт. Ошончолук сындай турган болсоңуздар шайлоого катышыңыздар. Элден өткөн тараза жок, элге түшкүлө. 300, 500 добуш гана алып жеңишке жетишпегендер, деги эле дайыма шайлоого, катышып бирок жыйынтык көрсөтө албаган саясатчы сөрөйлөр негизсиз сөздөрдү айтып жатышат. Мында отурган 90 депутаттын баары элдин добушун алып келгендер. Жеңип келген адамдарга жеңилип калган адамдардын айткан сыры моралдык жактан негизсиз деп ойлойм. 2021-жылы парламенттик шайлоо таза, адилет өткөндүктөн, ар көз караштагы партиялар келген”.