Кызыл-Кыяда эрте нике жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
17 сентябрь

Кызыл-Кыяда эрте нике жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кызыл-Кыя ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү тарабынан шаар аймагындагы мектептерде жана кесиптик лицейлерде аялдар кеңештери уюштурулуп, эрте никеге туруу жана зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иш-чаралары өтүүдө.

Баткен облустук милициясынан кабарлашкандай, иш-чарада эрте никенин кесепеттери, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун терс таасирлери, жаштардын укуктары жана жоопкерчиликтери тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Мындай профилактикалык иштер өспүрүмдөрдү коргоо жана коопсуз чөйрө түзүү максатында өткөрүлөт.