Москвада үйлөрдүн жанындагы шлагбаумдар үчүн төлөм киргизилди
сүрөт: depositphotos.com
4 октябрь

Москвада үйлөрдүн жанындагы шлагбаумдар үчүн төлөм киргизилди

Москвада үйлөрдүн короосуна кирүүгө чектөө койгон шлагбаумдарды кармоо үчүн бирдиктүү абоненттик төлөм белгиленди.

Тиешелүү буйрукка Москванын мэрине орун басар, шаардык транспорт комплексинин жетекчиси Максим Ликсутов кол койгон.

Жаңы тартипке ылайык, шлагбаумдарды кармоо үчүн төлөм батирдин аянтына жана бөлмөлөрүнүн санына карабастан, бардык турак жайлар үчүн бирдей болуп, 90 рублди түзөт.

Ал эми турак эмес жайлар үчүн төлөм 300 рубль өлчөмүндө белгиленди. Бул сумма коммуналдык төлөмдөрдүн курамына киргизилет.

Пенсионерлерге жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүнө 50% өлчөмүндө жеңилдик берилет. Эмгек ардагерлери жана айрым башка жеңилдикке укуктуу жарандар төлөмдөн толугу менен бошотулат.

Москвада үйлөрдүн короолоруна шлагбаумдарды массалык түрдө орнотуу мындан он жылдан ашык убакыт мурда башталган. Алар өзгөчө ш