Жазгы эмдөө өнөктүгү күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө: шарпка каршы 1 млн доза вакцина аймактарга жеткирилди
Учурда республика боюнча жазгы эмдөө иштери пландуу түрдө жана күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Ветеринардык кызматтар мал арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу, эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана малдын саламаттыгын сактоо боюнча иш алып барууда. Жайлоого көчүү мезгилине байланыштуу малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүү жана вакциналар менен камсыз кылуу өзгөчө көзөмөлдө турат. Вакцина жарандарга акысыз берилет, ал эми ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн гана төлөм алынат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тарабынан жүргүзүлгөн иш сапардын алкагында шарп ылаңына каршы 1 миллион доза вакцина Россия Федерациясынан алынып келинип, өлкөгө толук жеткирилип, бардык аймактарга бөлүштүрүлдү.
