Мындан ары Нарында троллейбус каттамы токтойт
4 март

Мындан ары Нарында троллейбус каттамы токтойт

Мындан ары Нарында троллейбус каттамы токтойт.

Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасынын жетекчисинин орун басары Кайрат Асанакунов билдиргендей, Бишкектен алып келинген троллейбустардын баары эски, аларды оңдоого бюджеттен каражат жок. 

"Троллейбустардын баары Бишкектен алып келинген. Эски троллейбустардын оңдоо үчүн жабдыктар жетишпейт. Мурда жабдыктарды Бишкектен буйрутма берчүүбүз, бирок эми ал жакта да троллейбус каттабайт. Аларды Россиядан буйрутма берүүгө туура келет, ал аябай эле кымбат болуп калат. Жаңы троллейбус алып келсек, ал автобуска караганда да кымбат болот", - деди ал НТРКнын журналистине берген маегинде.

Эске сала кетсек, Бишкектеги троллейбустардын бир бөлүмү өткөн жылдын аягында Нарынга жөнөтүлгөн.