ӨКМдин Ысык-Көл башкармалыгы
15 июль
Ак-Суу районунда жер көчкүдөн улам 75 адам капчыгайда калды
Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районунун Каракол жаратылыш паркындагы Аю-Төр капчыгайында 14-июлда тоо этектеринен 2 тилкеден түшкөн таш-топурактар Каракол суусуна түшкөндүктөн суунун нугу бурулуп, нички чарбалык жолду суу жууп кеткен.
ӨКМден кабарлашкандай, натыйжада каттам үзгүлтүккө учурап, капчыгайдын жогору жагында болжол менен 40 турист, 35 жергиликтүү тургун жана 8 унаа калган.
Аталган аймакта түнөп калуу үчүн база жайгашкандыктан жарандар базада калышкан. Жабыркагандар жок.
Жерине Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.
15-июль күнү Ак-Суу райондук Жарандык коргону кызматтарынан жана жергиликтүү бийлик тарабынан техника тартылып, жолду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
