Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо аяктап жатат
Сүрөт ачык булактардан алынды
16 октябрь

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо аяктап жатат

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата дан эгиндеринин (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) абалы боюнча 586 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 3,4 пайызга көп.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, мында  алгачкы кабыл алынган салмакта 2,0 млн тонна дан жыйналып, өткөн жылдын ушул  мезгилине салыштырмалуу   32,7 пайызга көп болду.

Ушул жылдын вегетация мезгилиндеги ыңгайлуу аба ырайы шарттары арпанын (53,6 пайызга), буудайдын (45,2 пайызга), дан жүгөрүнүн (5,7 пайызга), буурчак өсүмдүктөрүнүн (5,7 пайызга), күрүчтүн (0,8 пайызга), май өсүмдүктөрүнүн (17,3 пайызга), картошканын (10,3 пайызга), мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн (7,9 пайызга) жана бакча өсүмдүктөрүнүн (4,3 пайызга) дүң жыйымынын өсүшүнө өбөлгө түздү.

2026-жылдын түшүмү үчүн пахтанын жана жашылча өсүмдүктөрүнүн себүү аянттарынын кыскаргандыгын эске алуу менен, өткөн жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу пахтанын (40 пайызга) жана жашылча өсүмдүктөрүнүн (1,2 пайызга) дүң жыйымынын азайгандыгы белгиленди.