Президент Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитинин ачылышына катышты
президенттин администрациясы
16 октябрь

Президент Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитинин ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 15-октябрда Армения Республикасынын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты.

Иш-чара өтө турган жерге келгенде, Мамлекет башчысын Армения Республикасынын Президенти Ваагн Хачатурян жана Премьер-министри Никол Пашинян тосуп алышты.

Расмий аземдин жүрүшүндө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларына театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.